Кыргыз элинин улуттук кийимдери


Кыргыздардын улуттук кийими
-80010697865Кыргыз элинин улуттук кийими илгертен сакталып келет. Ар түрдүү оюн-зоок кечелерде, аш-тойлордо кыздарыбыз жашоо-шартынын деңгээлине ылайык кош этек көйнөк, саймаланган чыптама, топуларды кийишкен. Ошондой эле байбичелер, карыялар, жигиттер аш-той көркүн кооздолуп тигилген чепкен, саймалуу белдемчи, жайкалган элечектери менен ачышкан. Ал эми той-топурга барбаган күндөрү жумуш кылганга ыңгайлуу деп жеңил кийимдерди кийишкен.
-295275250825Чыптама
Кыз-келиндерибиз кош этек менен жуп кие турган, ичтелип же жалаңкат тигилген жеңсиз, бели жабылгандай ич кийим. Чыптама да денеге чак тигилет. Ал кош этек менен кийгенде гана көркүнө чыгат. Көгүчкөн төш чытырап, бели кыпчыланып, чыптама этеги жамбашты жая кененделип кетет. Көйнөктүн кош этектери көлбүп, кыз кылактап, ал өзүнчө ак шоокум болуп көрүнөт. Укмуштай кооз саймаланып, же көбөлөнүп тигилген чыптама көбүнчө чий баркыт, тасбаркыт, тукаба, трайке өңдүүлөрдөн тигилет. Аны кош этек көйнөк менен өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучулары, артисттер, жаштарыбыз улуттук сыймыктуу кийим катары кийип жүрүшөт.
Чыптама
-666751691005Чыптама сайма көчөттөрү үчүн «бадам», «ит куйрук» өңдүү оюм-көчөт берилип, анын тегерегине «суу» жүргүзүлөт. Жалаң түрдөн-түр чыгара бири-бирине чиркешкендей «бармак боочу», «сынар мүйүз» оюмдары өңдөнгөн, же тим эле улаштыра бутактанып кеткен көркөм көчөттөр «суусуз», «ала мончоксуз» эле коюлата сайылат. Жалпы алганда чыптамага да чепкенге,кемселге түшкөн көчөт оюмдардын өзү жана эни сакталат.
Эгер кийимдин жердиги көк кездемеден турса, ага түшкөн көчөттөрдүн өңү кызыл менен жашылдан тандалса, кызыл өң буюмду ажарлантат да, жашыл өң кездемеге жутулуп кетет.
Кемсел
Кемсел – бул адеми калың кездемеден, таардан тышы, жука 0233680 кездемеден ичи бар элдик кийим. Муну бешмант, күрмө деп да коет. Ал тизеге дейре бычылып, жеңи узун да, чолок да болот. Мунун жалаң каты, жүн, кебез ичтелип (астарланып) жасалган түрү бар.
11525252331720-23050504269740Кемсел чепкендин ичинен кийилет. Көркөм көчөттөр менен саймаланат. Анын жаш өзгөчөлүккө байланыштуу жердиги кызыл, кара, көк, күрөң баркуттан жана чий баркуттан тандалат. Муну жөнөкөй кемселдердей тик жака кылып тигет да, түшкөн көркөм көчөттүн элементтери негизинен «бармак боочудан» турган «кыял оюмунун» араларын «сегиздик» (88888) формасы бөлүп турат. Кемселдин эки өңүрүнүн учунан эле эмес, жүрөк тушунан ылдый этекти тегерете жээктей жазылыгы бир жарым, эки элидей (3—4 см) көчөт көрүнөт.
Бул кооздук кийимдин тик жакасына, жең учтарына да тегерете берилет. Адатта, кемселге кемер кур курчалат.
-9429753810 Мындан тик жака кемселдин кездеме курунун энине жана түшкөн көчөтүнө жогорудагы кооздуктар дал өзүндөй кайталанышы керек.
Жакасы тик, бели кыз-келиндердикиндей кыпчараак келген кемселдер да тигилүүдө, буга топчу же илгич гана тагылат. Жакасына көркөмдүк берүү анча салтка айланбайт. Жаканын түбүнөн ылдый жээктей бадырайта сайма көчөттөрүнүн жана кийиздин «мүйүз», «ит куйрук», «бычак учу», «бармак боочу», «кыял» өңдүү оюмдарынын элестүү элементтери кара күрөң, же көк жердикке ак өңдө берилсе, мунун эки жагынан жарыш жээк чыгаруу жарашык ыйгарат. Кемселдин бир аты «бешбел». Анткени, ага чөнтөк салынат. Бешбел — колтуктан чөнтөктүн оозуна чейин кынала тигилген тигиштер. Мында чөнтөк түз салынат. Кыйгачыраак кылып, кемселдин тик жакасы келет. Аны өзүнчө бычып алат.
-5334001251585Кийимдин топчулуктары ичилик менен кошо жасалат. Ичилик — «ичинен ичтөө», «ичинен тордоо» деген түшүнүктү берет. Кемселдин этеги менен, бели-белге кыналышы зарыл. Кемсел эки жеңден, жакадан, үч бойдон турат. Үч бой, бул — эки капталы, бир бели. Мында үч бойду бириктирип тигип, жака салып, анан жеңдери тигилип, чөнтөк тигиштери болот.
Танап коюу — курсакка ылайыктап, кынап тигиш түшүрүү. Ансыз жаканын түбү калдайып, кийим бойго чакталбай калат. Кемсел ичи көбөө менен кошулуп, үч бойго биригет да, буга жукараак ийин коюлат. Кыз-келиндер кийүүгө өтө көрктүү кийим кемселди «Беш бел» деп да айтат. Себеби, этеги төгүлүп, бели кыналып турат. Мындай беш жеринен бел кыналып, этеги жайылып турган кийим тизеден беш эли узун болот. Ага кийүүчүнүн жаш өзгөчөлүктөрүнө карай сайма көчөттөрү түшүрүлөт. Мунун байбичелерге куп жарашкан үлгүлөрү да бар.
Кийимдин жердигине карай ага берилүүчү көркөмдүктөр аныкталат. Эгер буюмдун жердиги кара, күрөң өңдөрдөн турса, анын өңүрүнө түшүүчү көчөт үчүн ак менен кызылдан «суу» салып, ортосуна жашыл өңдү чуркатат. Ошондо «суу» түшүрүлүп жаткан көркөм көчөттөрдүн араларын ачып, ажарына чыгарып турат. Анан сары өң аркылуу «чабалекей канат көчөтүн» берип, андан кийин анын учуна көк жана кызылдан «суу» жүрөт. Кийимге кайырма жака ордуна сайма көчөттөр түшүп, анын булуңчасына келтирилген кооздуктан белдемчи жана чепкен сыяктууларга түшкөн көчөттөрдөн анча айырмаланбайт.

ЭлечекЭлечек кыргыз зайыптарынын байыртадан кийип келаткан, калпактын катарында турган баш кийими. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө той топурларда эле болбосо эже-жеңелерибиз, энелерибиз өтө сейрек кийишет. Элечек - сыртынан бирдей көрүнгөнү менен оромуна жараша көп түргө бөлүнүп, аны кийген зайыптын жаш курагын, кайсы жерлик экенинен өйдө көрсөтүп турат. Айталы, түштүк, түндүк тараптарда элечектер негизинен үндөшүп турганы менен Памирлик найман кыргыздарында ээк алгыч болбойт. 
Элечектин эл ичинде "илээки" же "челек" деген да аттары бар. Памирдик кыргыздарга барган саякатчы Б. Громбчевский "Элечектин өзгөчөлүктөрүн билип алсаң кыргыз аялынын (оролушунан, аркасындагы куйругунун саймасынан) кайсы уруудан экенин, жаш курагын жазбай аныктаса болот. Эгер алар бир уруудан болсо элечектери да бирдей окшош"деп жазган.
Бай оокаттуу айымдар элечекке 30-50 метрдей, өтө жука ак кездемени тайпы орогон. Натыйжада ал көлөмдүү чыккан жана тыкан көрүнгөн. Түндүк тарапта негизинен элечек ороонун 3 ыкмасы жолугат. Жаш келиндер маңдай жагы 3-4 бүктөлгөн, ээк алгычы бар, каптал же арка жагына турнанын же үкүнүн үлпүлдөгөн канаты тагылган элечектерди кийишкен. Күмүш кыргак, шуру же сайма, тасма менен кооздошкон. 30 жаштан өтүп калган аялдардын элечегинин жыгымы артында болуп, маңдайы түз тартылып, кооздолгон куйрукчасы чыгарылган. Ал эми орто жаштан өйдө ээк алгычы, куйрукчасы бар элечек кийишип, үстүнөн бүктөмөсү артына түшүп тургандай жоолук жамынышкан. Аялдар элечекти жайдыр кыштыр оронушуп башынан түшүргөн эмес. Аны жатаар алдында гана алып коюшкан. Элечектин астына негизинен түштүк тарапта туулга сымал кеп такыя же чач кеп кийишкен. Алар да көп түрдүү болгон. Ал эми элечектин бир эле кооздугу эмес пайдасы да көп. Мисалы, журт көчүп баратканда келиндер төрөп калса элечекке ороп, наристенин керегине жаратышкан. Адам улгайганда бели бүкүрөйүп калат эмеспи, ошон үчүн белди түз алып жүрсүн деп оор элечекти кийишкен. Себеби, жашы өткөндөр элечектин куйругуна кооз шуру-мончокторду тагышып, ал шуру- мончоктор бир топ оор келген.

Приложенные файлы


Добавить комментарий